Басасың келин толгонуп,
Салынганың тор жоолук.
Ушинтип жүрүп гүл өмүр,
Өтөбү деймин кор болуп.

Ай асмандын боорунда,
Алтындан чап боо сооруңда.
Айда алышып бир жүрсөк,
Алышып тоонун боорунда.

Кийгениң ичик сүлөөсүн,
Эсимден кетпей жүрөсүң.
Кезиккенде кеп айтсам,
Ылдый бир карап күлөсүң.

Салынганың, торудан,
Чыкпайсын, секет оюмдан.
Эртең менен болгондо,
Суурулуп чыксам койнундан.

Кара кыя сабатар,
Кайкысында мал жатар.
Кадырың, эске түшкөндө,
Кайгы менен таң атар.

Кызыл кыя сабатар,
Кыясында мал жатар.
Кылыгың эске түшкөндө,
Кыйноо менен таң, атар.

Кымбаттуу сүйгөн бурадар,
Кыйналтып ичке өрт салар.
Кылыгың эске түшкөндө,
Кыйноо менен таң, атар.

Шакек салган колуңуз,
Оюндун шарты ушундай.
Ийменбей туруп сиз мага,
Жар көрүшүп, коюңуз.

Күн асмандын боорунда,
Күмүштөн чачпак сооруңузда.
Күндө алышып бир жүрбөй,
Күйүттүү менин оюмда.

Оозундагы отуз тиш,
Алтындан чеге каккандай.
Порумуңду карасам,
Жакшы эне сени баккандай.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *