Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Көчө бойлоп сүйүүмдү издеп келем,
Баары бир жалгызымды таппай келем.
Тагдырым буйруганы ушул беле?
Кайдасың, секелек жолугарым,
Кезигер бекем сага?
Дүйнөнүн керемети.
Кайырма:
Менин жолугарым,
Түбөлүк жашаарым,
Кайдан табамын,
Мага буйруганын?
Жерди айланамын,
Издеп чарчабаймын.
Менин жолугарым,
Жүрөк соктурарым,
Кезигер бекем сага?
Асманда, жылдыздар, айткылачы,
Түгөйүм кай жерде күтүп жатканын.
Үзүлбөй үмүтүм жашап келем,
Жарымым калганын толуктачы,
Жараткандан сурайын,
Дүйнөнүн керемети.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *