Ак марал болсо атканым,
Асылкеч болсо тапканым.
Өзүңө көөнүм эң кызык,
Өзгөчө мен да башкамын,
Отуздан ашсам мейличи,
Оолуксам он беш жаштамын!

Көк тулпар болсо мингеним,
Көк чатыр болсо киргеним,
Кучагым жайып, кубанып,
Кумаркөз болсо сүйгөнүм.
Арзыган сизге мен үчүн,
Артыгы ушул дүйнөнүн,
Жаманга колум артканча,
Жакшыга жакшы күйгөнүм.

Жылдыздан болсо панарым
Жибектен болсо танабым..
Күүлөнүп күндө шилтөөгө,
Күмүштөн болсо каламым,
Кадыры бийик сен үчүн
Капкайдан сөздү табамын!
Кырк бештен ашсам мейличи,
Кыялымда баламын!

Чабалдар жеткис бел болсом,
Чалкыган терең көл болсом.
Кайратым жыйып боюма,
Каптаган кыян сел болсом.

Агарган таңдын алдында,
Бетиңден сылар жел болсом,
Эмине болсом оюнда,
Ошонун баары мен болсом…
Баарынан кечип кетейин
Бир башыңа тен, болсом.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *