Салкын жел беттен сылап,
Бийикте булуттар четтен жылат.
Күз аягы келип жеткен убак,
Айлана тунжурап.
Бүгүн булуттун көңүлү чөктү,
Билбеймин сен үчүн азбы-көппү?
Өзүңсүз туптуура бир жыл өттү,
Биз жактырган алма бак гүлүн төктү.
Кайырма:
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап,
Ыр жазууга жүрөк, чиркин, тынбай умтулат.
Аккордеон коштоосунда мен кыялымда,
Бийге тартам сени.
А сен болсо азыр кучагында кимдердин?
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң?
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып,
Ким жүрөт эми?
Арманым ичке батпай,
Айласыз изденип, бирок таппай.
Түндөр узарып, таңдар атпай,
Убакыт барат жай.
Ойлосом, ишенбеймин,
Өңүм эмес, түш болсочу деймин.
Өзүңсүз кантеримди билбеймин,
Сагынып, сага карай жол издеймин.
Кайырма:
Бугун булуттун эмес булуктум конул чокту болуш керекго
ушул ыр мага андан жакты
ушул ыр мага андан жакты
Оа жакты
Соонун
Сабира жонундо ыр барбы
Негизи балалыктан ырларды коркомуно келтирип ырдаганды аябай жактырамын, жакын арада эле угуп калдым, ото керемет, деги эле журоктогу сезимимди козгоп койду
Сонун ыр
Соонун чыгарма болуптур рахмат абдан жакты
Я обожаю эту песню, слова хорошие и конечно исполнение
Хоть я и не постарела, но вспоминаю свою красивую молодость, студенческие годы, как парни бегали
Аябай сонун❤️❤️
Создору ото терен маани беретсыйлайм
Негизи балалыктан ырларды коркомуно келтирип ырдаганды аябай жактырамын, жакын арада эле угуп калдым, ото керемет, деги эле журоктогу сезимимди козгоп койду