Байкабай, мезгилге кайдигер болуп,
Түн жана кеч, күндүз, таңдарына.
Аз гана өмүрдү өткөрүп коюп,
Өкүнүп арманда калбагыла.
Жайнаган гүлдөр, жагымдуу күндөр,
Жараткан пендесин сыйлаганын көр.
Жанымды эргитип, чертилип күүлөр,
Жанданып өмүрлөр.
Кайырма:
Аруулук менен күн кечип,
Жашаган кандай керемет,
Жашаган кандай керемет, керемет!
Акырын, абайла адашып кетпей,
Азгырык көрсөткөн жолдоруна.
Бактылуу күндөрдүн баркына жетпей,
Өмүрдү өксүтүп койбогула.
Жагымдуу сырлар, жазылган ырлар,
Жазында жадырап жүрбөгөн ким бар?
Жайдары жүрөктөр өзүнчө гүлзар,
Жаш, курак, жылдар.
Кайырма:
Борончу Кудайбергенов — Жашоо керемет тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 831