Сен менин махабатым
Сен менин бийик асманым
Жактырып сүйүп калганым
Билбедим неге айтпадым
Салба мени жаным санаага
Сагынып жүрөм кусада
Арнайын сага өзүмдү
Таштаба мени арманга
Издедим сени издедим
Жүрөгүм сен деп билгенин
Жолугуп сени тапканда
Бактылуу болот тилегим
Билбедим неге билбедим
А балким сени издедим
Кез келип калса тагдырда
Бир өмүр болот тилегим
Арзуулар канатында
Көкөлөп көктөп учкан да
Сүйүүнүн бийик сереси
Жарыгым өзүң ачкан да
Ооба мени жанымм аярла
Калбассын сезиимм кыял да
Арнаайын сага ырымды
Калтырба мени кайгы да
Чолпон Анарбаева — Издедим сени тексти
Датасы: 06.05.2024 Көрүүлөр: 1704