Бир тууганым, шам чырагы бүлөмдүн,
Бир атадан, бир энеден төрөлдүк.
Ак сүтүңдү бизге берген ата-эне,
Тизе бүгүп, таманыңдан өбөрмүн.
Кайырма:
Аска зоо бир тууганым,
Сенсиң багым,
Бек болсун дайым өмүр жаның,
Бек болсун дайым өмүр жаның.
Бир тууганым — дарагымдын тамыры,
Түндүгүмдөн күндөй агып жарыгы.
Кайда барба, кандай өмүр кечирбе,
Силер менен жүрөгүмдүн жарымы.
Кайырма:
Бакыт сепкен байлык өңдүү нуруңдан,
Башкада жок мээримиңе жылынам.
Силерге деп сактап койгон түгөнгүс,
Сүйүүм бар жүрөгүмдө уюган.
Кайырма:
Ооба жакты
Оа жакшы ыр бул ыр кимге гана жакпайт
Барчына жагат
Вапше сонун
Эң жакшы шүгүр
Мага аябай жагатко бул ыр
Сонун ыр
Таптым
Сонун ыр
Азамат Чынгыз бар бол соонун дайыма угам.
Оба мен ушул ырды абдан жакшы кором кунуго угам
Бир тугандар бар болгула