Датасы: 17.10.2020
Формат: mp3

Эзелтен баатыр келет кыргыздарым,
Эч кимге бербейм сени Кыргызстаным.
Аталар сактап келген бейиш төрүм,
Ардактап алат сени уул-кыздарың.
Кайырма:
Кыргызстаным, бейиш багым.
Биздин бакыт, сенин барың.
Жакасын кирдетпеймин мекенимдин,
Кадырың билбейт, кээ бир, бөтөндөрдөй.
Коолума салгым келет эл жеримди,
Апалар өз баласын көтөргөндөй.
Кайырма:
Кыргызстаным, бейиш багым.
Биздин бакыт, сенин барың.
Бөлөк эл, бөлөк жердин алтынына,
Алмашпайм кумуңду да, таштарыңды.
Апамдын колдорундай кулунум деп,
Шамалың сылайт менин чачтарымды.
Элиңдин уулу бол деп атам айткан,
Аябайм мекен үчүн жаш жанымды!
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *