×
Kyrgyz-audio.com

Kyrgyz-audio.com

Кыргызча mp3 каталогу: Ала-Тоо таңшыйт, жомоктор жана башка кызыктуу аудиолор жана текстер жыйнагы.

  • Ырлар
    • Ырлар 2020
    • Мугалим жонундо ырлар
    • Хит ырлар
    • Той ырлары
    • Эне жөнүндө ырлар
    • Ата жөнүндө ырлар
    • Сүйүү ырлары
    • Туулган күнгө ырлар
    • Комуз ырлары
    • Аккордеон ырлары
    • Эски ырлар
    • Мекен ырлары
    • Гитара ырлары
    • Кайгылуу ырлар
    • Шаңдуу ырлар
  • Кыш жонундо ырлар
  • Баардык ырчылар
  • Жомоктор
    • Кыргыз эл жомоктору
    • Аудиожомоктор
    • Cыйкырдуу жомоктор
    • Кыска жомоктор
    • Турмуштук жомоктор
    • Күлкүлүү жомоктор
    • Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор
    • Жомоктор суроттору менен
    • Коркунучтуу жомоктор
    • Орус эл жомоктору
  • Аудио китептер
  • Караоке кыргызча
  • Байланыш үчүн
  • Жарнама
  • Facebook

Жаңы кошулду

  • Данияр Эрматов — Cуйуум сага 19.01.2021
  • Маша менен аюу 18.01.2021
  • Бекжан Темирхан — Эзилип буттум караоке 18.01.2021
  • Гуланда — Аядым караоке 18.01.2021
  • Эрлан Андашев — Ооба билем тексти 18.01.2021
  • Жамаачы 15.01.2021
  • Айгерим Расул кызы — Роза 14.01.2021
  • Роза Шакирова — Сагынам 14.01.2021
  • Аяна Касымова — Кыздын ыры 14.01.2021
  • Айганыш Абдиева — Жүрөгүңүздө ким бар? тексти 14.01.2021

Элге жаккан топ 10 ырлар

  • Самара Каримова. Жаңы жылды тосолу тексти жана mp3(364)
  • Айзада Жамгырчиева — Жүрөк сыры тексти(309)
  • Калыс Жакыпов — Сени мага жараткан өзү сыйлаган тексти(295)
  • Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти(260)
  • Самара Каримова - Менин атам жакшы адам тексти(205)
  • Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти(174)
  • Сыймык Бейшекеев — Алган жарым тексти(144)
  • Динара Тилекеева — Апам менен атама тексти(130)
  • Эрлан Андашев - Кечир мени тексти(130)
  • Нурлан Насип - Мектебимди сагындым тексти(113)

Кыргызча ырлар » Чыңгыз Турдубеков

Чыңгыз Турдубеков — Акыр заман тексти

Датасы: 13.08.2020
Көрүүлөр: 17
+1
0
  1. play

    Акыр заман тексти

Sorry, your browser does not support HTML5 audio.

Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.
Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.
Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.
Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.
Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.
Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.
Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.
Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.
Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.
Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.
Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.
Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.
Арам-ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.
Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.
Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.
Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.
Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.
Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.
Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.
Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулук кылат катының.
Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.
Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.
Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.
Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.
Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.

Окшош чыгармалар:

  • Чыңгыз Турдубеков — Болгон жакшыЧыңгыз Турдубеков…
  • Чыңгыз Турдубеков — ҮмүтЧыңгыз Турдубеков — Үмүт
  • Чыңгыз Турдубеков — Окуучу текстиЧыңгыз Турдубеков…
  • Чыңгыз Турдубеков — Бишкек кечиЧыңгыз Турдубеков…
  • Чыңгыз Турдубеков — Кыргыз кыздары текстиЧыңгыз Турдубеков…
  • Чыңгыз Турдубеков — Гүзал кыз текстиЧыңгыз Турдубеков…

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Самара Каримова. Жаңы жылды тосолу тексти жана mp3364
Айзада Жамгырчиева — Жүрөк сыры тексти309
Калыс Жакыпов — Сени мага жараткан өзү сыйлаган тексти295
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти260
Самара Каримова - Менин атам жакшы адам тексти205
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти174
Сыймык Бейшекеев — Алган жарым тексти144
Динара Тилекеева — Апам менен атама тексти130
Эрлан Андашев - Кечир мени тексти130
Нурлан Насип - Мектебимди сагындым тексти113
Опубликовано 13.08.202013.08.2020Автор Kyrgyz AudioРубрики Чыңгыз Турдубеков

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз Отменить ответ

Сиздин email адрес жарыяланбайт.

© 2003-2021. Kyrgyz-Audio.com порталы. Биздин почтага жазыңыз: info@kyrgyz-audio.com.
Жарнама боюнча
Автордук укук ээлерине