Издеп жүрүп кыялымды,
Капысынан таптым, дароо жактың.
Эч ийилбес жүрөгүмдүн
Тилин кантип таптың, өзүңсүң бактым.
Кайырма:
Жашоонун шаңын,
Бакыттын даамын сезип жатам.
Сезимдин сырын,
Жүрөктүн үнүн кантип катам?
Үмүтүм жанып, талайлуу бакыт издеп жатсам,
Бир өзүңдөн таба алам.
Бакытымсың бүт өзүмдү арнаган,
Колдон эмес жүрөктөн да кармаган.
Бул жашообуз деңиз болсо чалкыган,
Бир бололу биз кемеде калкыган.
Бир ааламда жашасак
Кайда жүрдүң алыста, болмок табышсак.
Жашоо бизди жакындатып
Келген тура карыштап, тагдыр табышмак.
Кайырма:
Дайыр Исмадияров — Бактымды таптым тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 256