Кабылдым өзүңө,
Кадалдым жүзүңө,
Калдың сен жаным көңүлдө.
Эңсеген жүрөктүн,
Суусундай мүрөктүн,
Сен мага жалын чүрөксүң.
Кайырма:
Асылым ай жүзүң, кара көзүм,
Сагынып сени жүрөмүн.
Мас болуп жаш жүрөк, таппай түнөк,
Жалынып сага жүдөдүм.
Серпип сен чачтарың,
Керилип басканың,
сезимди козгоп арбадың.
Жүрөгүмдү махабат,
Тымызын аймалап,
Ашыгып сага баратат.
Кайырма:
Дайыр Исмадияров — Жаш жүрөк тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 497