Датасы: 30.04.2020
Формат: mp3

Жаным, бүгүндөн баштап кадамым,
Сен үчүн болот басканым, жаным.
Жаным, болчу сен менин канатым,
Үйдөгү жанган чырагым, оу, жаным.

Кайырма:
Ата-энемдин тилеги,
Ыймандуу болсун келини.
Кыз күтүп жүрүп жетпеген,
Апамдын болчу шериги.

Жаным, болчу сен менин керегим,
Түгөнбөс үйдө берекем, жаным.
Жаным, ата-энем көрүп небере,
Бололу биз да ата-эне, ай, жаным.

Кайырма:
Ата-энемдин тилеги,
Ыймандуу болсун келини.
Кыз күтүп жүрүп жетпеген,
Апамдын болчу шериги.
Кыз күтүп жүрүп жетпеген,
Апамдын болчу келини.

Данияр Эрматов Апамдын болчу келини клип

https://youtu.be/Ski_pTM_KdQ

Данияр Эрматов Апамдын болчу келини караоке

https://youtu.be/JJpB0s4TeXw

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *