Байыртан ата салтын улаган эл,
Кыйын күндү жеңип өткөргөн.
Ынтымак, ырыс-кешик кураган эл,
Душмандары коркуп, сезгенген.
Кайырма:
Ала-Тоонун нурусуң,
Ак пейилдүү улутум,
Баатырлардын мекени жерим.
Кыргызымдын уулусуң,
Көтөрөлү бир бурчун,
Желбиретип бийик желегин.
Тарыхың жол көрсөтүп караңгыда,
Урпактарга келген кептериң.
Таңеймин күндөн дагы жарык нурга,
Бабалардын баскан издерин.
Кайырма:
Ар күнү шайыр мүнөз ырга жакын,
Обон созуп ак жүрөгүнөн.
Дасторкон жайып дайым сыйга жакын,
Бата берип ак тилегинен.
Кайырма:
Данияр Эрматов — Кыргызым тексти
Датасы: 03.10.2020 Көрүүлөр: 583