Датасы: 18.05.2022
Формат: mp3

Мен далай сүйүү издедим
Байкап сезим издерин
Бир өзүңдөй таппадым
Мен жалгыздыкта калганда
Жүрөк толо арманда
Жарк эттиң мага ардагым

Кайырма:

Бүт ааламдан сендей таппадым
Сүйөм деген ойдон кайтпадым
Жан дүйнөмдү жаралап
Каректериң кадалат
Кайгы тартып турсам дагы
Сүйөм деп айтпадым

Биз жүрөк менен табыштык
Сезим менен жарыштык
Махабатты тапканда
Сен бакыт дедиң бир мага
Ашык болуп мен сага
Таптым сени үмүт багында

Клип — Сендей таппадым



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *