Датасы: 06.10.2020
Формат: mp3

Көрбөй калсам каркырамды,
Көңүлүмдөн тартылам.
Туу тутунган сүйүүмдү,
Туйдура албай тартынам.
Эх, каркырам, каркырам,
Алып учуп талпынам.
Ак тилеги ашыктык,
Айдап алды артымдан.

Ойдун сүзүп тереңин,
Түшүмдө да көрөмүн.
Бетке кырдап сага деп,
Байчечекей теремин.
Жакшы үмүт мендеги,
Жабыркады өңдөндү.
Жанып турган алысым,
Жанып-күйүп сен деди.

Же аны сен сезсеңчи,
Кадырыма жетсеңчи.
Сүйүү деген чынжырды
Сүйүү менен чечсеңчи.
Жакшы үмүт мендеги,
Жабыркады өңдөндү.
Жанып турган алысым,
Жанып-күйүп сен деди.
Күн мүчөсү келишкен,
Эх, периштем, периштем.
Түгөй болчу түбөлүк,
Ырыскымды бөлүшкөн.

Один комментарий к “Динара Тилекеева — Каркырам тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *