Илгери, илгери бир хан жашаптыр. Анын аксарайынын алдында жалаң роза гүлдөрүнөн турган бакча болуптур. Бакчада бир түп сыйкырдуу роза гүлү өсчү экен . Хан канчалык каарын төгүп эскертпесин, багбандар кандай амал таап аракеттенип кайтарышпасын, сыйкырдуу роза ачылып баштаганда эле аны зыяндуу курт жеп кетчү экен.

Ошентип жыл сайын кайталана бергендиктен хан өзүнүн сыйкырдуу розасын көп жылдар бою такыр көрө албады. Күндөрдүн биринде ханга жаш бакчы жигит келип мындай деди:

— Мени жумушка алсаң, розаңды курттан сактап калам. Ал гүл ачаар замат үзүп алып сага алып келем.

— Жигит,- деди хан,- менде канча деген гана бакчылар болбоду, бирок бири да аны сактап кала алышпады, сенин колуңан бул иш кантип келмек эле?

— Колуман келет, болбосо башымды алууга буйрук бер.

— Макул, өзүң бил, алың жетсе кайтарып көр.

Жаз келди, жаңы бакчы жаасы менен жебелерин алды да, бадалдын астына кирип розаны кайтара баштады. Бир күн, эки күн, үч күн өттү… Ошентип ал жума бою кайтарды. Акыры роза ачыла баштады, бирок дал ушул маалда жаш бакчынын көзү илинип кетти.

Ушуну эле күтүп турган курт акырын жылып келди да, розага жабышып, аны жеп алып кайра артка сойлоп кетти. Бакчы ойгонуп, розанын жок экенин көрдү. Кайгырып-капаланып, корксо дагы ал ханга барып, кечирим сурап минтип айтты:

— Бир жума бою мен роза өскөн бадалды кайтардым, роза ачыла баштаган убакта көзүм илинип кетиптир… Ойгонсом, курт розаны жеп салганга жетишиптир. Бул жолкусун кечир, кийинки жылы мен сөзсүз куртту жазалайм.

— Эч нерсе эмес, -деди хан,- бул үчүн курт жазаланат!

Бир жыл өттү. Жаз келди, хандын жаш бакчысы бадалды кайтарганга дагы жөнөдү. Эми гана роза ачыла баштаганда, курт дагы розага сойлоп жөнөдү.

Бирок бакчы ага жебе кадайын дегенинде, кайдан-жайдан бир белгисиз булбул куш учуп келди дагы, куртту бир чокуп жутуп алып учуп кетти. Роза бүтүн бойдон калды. Бакчы сүйүнүп кетип, розаны үзүп алып, ханга алып келди.

— Ханым,- деди ал, — мен сага розаны алып келдим. Мында да курт розаны жеп салайын деди эле, кайдан-жайдан белгисиз булбул учуп келип, куртту жутуп алып учуп кетти.

— Эч нерсе эмес,- деди хан,- булбул да бул үчүн жазаланат!

Бир жыл өттү. Жазында бакчы дагы да бадалды кайтарганга жөнөп, күн-түн дебей жанында отурду. Роза ачыла баштаганда курт дагы гүлдү жегени сойлоп жөнөдү, бирок кайдан-жайдан белгисиз былтыркы булбул пайда болуп, куртту чокуп жутканда, бадал түбүнөн ажыдаар чыга калып, ал дагы булбулду жутуп алды.

Ошентип роза бул жолу да сакталып калды. Сүйүнгөн бакчы гүлдү үзүп алып, ханга алып жөнөдү.

Ал ханга болгонун болгондой айтып берип, сыйкырдуу розаны берди.

— Эч нерсе эмес,- деди хан,- ажыдаар да бул үчүн жазасын алат!

Дагы бир жыл өттү. Жаз келгенде жаш багбан кайрадан розаны кайтара баштады. Роза жаңыдан гүл ача баштаганда адатынча ага курт сойлоп келди.

Ошол учурда кайдан-жайдан учуп келгени белгисиз баягы булбул пайда болуп, куртту чокуганда — бадалдын арасынан чыга калган ажыдаар ал экөөнү тең жутуп жибергенде жаш бакчы жаа тартып ажыдаарды өлтүрүп, сүйүнгөн бойдон розаны ханга алып келип, болгонун болгондой айтып берди эле, ал бир гана сөз айтты:

— Эч нерсе эмес, бул үчүн сен дагы жазаланасың!

Бул сөзгө жаш багбан абдан таң калды. Анда эмне деген табышмак катылганын миң ойлоп чече албады. Хандын өзүнөн сурайын деп, бирок ачууланабы деп коркту. Акыры эмне болсо да көрөйүн деп чечти.

Хандын ак сарайында анын үй-бүлөсү түшүп сергүүчү көлмө бар болучу. Бир күнү жаш багбан бийик даракка чыгып, аны бутап атса ханыша ак сарайдан чыгып келип чечинди да, көлмөгө чумкуй баштады.

Жаш багбан бактан түшүп үлгүрө албай калгандыктан, ханышаны чочутуп албас үчүн көлгө түшүп кеткиче бак башында отура турууну чечти. Бирок ханыша көлдөн чыгып келатып багбанды көрүп калып, айкырыкты салды.

Муну уккан падыша ак сарайдан чуркап чыгып көлдөгү ханышаны, коркконунан бактан түшө албай калган жаш багбанды көрдү да, баарын түшүнүп, катуу кыйкырып баш кесер желдеттерин чакырды.

Жазалоочу баш кесерлер жаш багбанды хандын алдына алып келатканда, ал бир нерсени түшүнө калды да, өлөр алдында бир гана сөз айтып калууну суранды.

— Мейли, акыркы сөзүңдү айтып кал! — деди хан ачуусун араң басып.

— Ханым, эч нерсе эмес, бул үчүн сиз дагы жазаланасыз.

Муну укканда хан селт этип, өзүнүн мурдагы багбанга айткан ушул сөзүн эстеди да, аны кечирип, бошотуп жиберди.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Акылдуу кыз жомок26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сыйкырдуу роза: 10 комментарий

  1. Бул жомокту чыгарган авторлорун айтып койгулачы сураныч ото зарыл керек болуп жатат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *