Эркелеп, кээде шаттануу, шакирт кыялым
Элиме арнап, өнөрдүн жолун уладым.
Энетай, абаз, устаздар ардактуу жандар
Мээримин төккөн ээси го алтын уянын.
Кайырма:
Бирөөгө тартып, балаңа келгениң үчүн,
Тарбия-таалим, шакиртке бергениң үчүн,
Чарчабай, талбай үйрөткөн эмгегиң үчүн,
Миң алкыш сага устатым, миң алкыш сага.
Билимден өткөн ааламда, байлыгың барбы?
Илимсиз болсоң, бакыт жок, жан дүйнөң жарды.
Мен үчүн болдуң чоң мектеп, кенен жол ачкан
Устатым сенин ар сөзүң жүрөктө калды.
Кайырма:
Бирөөгө тартып, кызыңа келгениң үчүн,
Тарбия-таалим, шакиртке бергениң үчүн,
Чарчабай, талбай үйрөткөн эмгегиң үчүн,
Миң алкыш сага устатым, миң алкыш сага.
Алыска каккан канатты жайганың үчүн
Шакиртиң үчүн атырган таңдарың үчүн
Өнөр жолунда көрсөткөн жардамың үчүн
Миң алкыш сага устатым, миң алкыш сага.
Кайырма:
Бирөөгө тартып, балаңа келгениң үчүн,
Тарбия-таалим, шакиртке бергениң үчүн,
Чарчабай, талбай үйрөткөн эмгегиң үчүн,
Миң алкыш сага устатым, миң алкыш сага.
Оа жакты
Оа абдан жактыы
Здесь вы найдете клинику психологического здоровья, которая предоставляет психологические услуги для людей, страдающих от стресса и других ментальных расстройств. Мы предлагаем комплексное лечение для восстановления психического здоровья. Врачи нашего центра готовы помочь вам справиться с трудности и вернуться к сбалансированной жизни. Опыт наших психологов подтверждена множеством положительных отзывов. Свяжитесь с нами уже сегодня, чтобы начать путь к оздоровлению.
http://jeffdebevec.com/__media__/js/netsoltrademark.php?d=empathycenter.ru%2Fpreparations%2Fl%2Flamotridzhin%2F