Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Тамырларга жылуулук келип кайра
Тай кунандай туйлашат суулар сайда
Ар бир үйгө тартуулашып тазалыкты
Ар бир үйгө кол сунат Нооруз майрам

Кайырма:

Алас-алас ар балээден калас
Эски жыл кетти жаңы жыл келди
Жакшылыкка жар бол
Кырманга толо дан бол
Алас-алас ар балээден калас
Сүмөлөк сүмөлөк сүмөлөк жегиле
Ак бата ак бата ак бата бергиле
Бак тиккен багбанга баба дыйканга
Жана да жана да жана да кыргыз элиме

Алкым бүтүп кубанып кабарына
Чаң жукпасын таптаза кабагыңа
Актилектей айылыма кел Ноорузум
Аппак шоола төгүлсүн кадамыңа

Саманчынын жолундай сагындырбай
Айлар өтүп жыл толуп келди кайра
Ала-Тоонун ичинде айылыма
Аруулуктун өзүндөй Нооруз майрам

Один комментарий к “Достор тобу — Нооруз тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *