Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Ак баракка сөзүн жазып,
Обонун жүрөккө сактап.
Түн ортосу ойго батып,
Ал жигит уктабай жатат.
Кайырма:
Кызды сүйгөн ырчы жигит,
Ушунча уялчаак беле?
Сезимдерин айта албастан,
Обон кылып ырдай берет.
Махабатын көрктөп турган,
Жаз күнүндөй кыз көңүлү.
Ак сүйүүнүн ырларына,
Алып учат жаш жүрөгү.
Кайырма:
Кыз жактырган ырчы жигит,
Сезимдерин айтпаса да.
Анын сулуу ырларынан,
Түшүнгөндөй уга берет.
Күндөр өтүп, жаз да келди,
Эки жүрөк жолугушту.
Айлуу түндө сыр чечишип,
Ал кечте бирге болушту.
Кайырма:
Ак сүйүүсүн обон кылып,
Ырчы жигит ырдап турса.
Жаш сулуунун жүрөгүндө,
Сүйүү гүлү гүлдөй берет.
Аппак сүйүү түбөлүккө,
Жүрөктөрдө жашай берет.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *