Датасы: 14.10.2020
Формат: mp3

Сагындым сизди, сагынган менче болбостур,
Сагыныч мыжып, жүрөктү эркин койбостур.
Сагындым сизди, күз түнөп калган жүзүңө,
Мүнөзү токтоо, күмүш чач менин жан досум.
Сагындым сизди, энесин күткөн баладай,
Сагындым сизди, жашыңыз канча карабай.
Күткөндөр күтөр, аз эле күтөр көп болсо,
Менчелик сизди күтпөстүр эч ким тажабай.
Ишиңиз татаал, Жараткан аны колдосун,
Сүйгөндү билсе, сүйүүдөн эрийт коргошун.
Сүйүүгө сиздин убакыт жогун билсем да,
Сагындым сизди, сагынып жүрөм, жан досум.

Элмира Кайып кызы — Мендеги сагыныч тексти: 5 комментарий

  1. Эн сонун мазмуну жакты атин арман эрте кетти жаткан жери жайлуу болсун Эн мыкты ырдачу эле

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *