Сөлөкөт эле гана болуп барасың,
Сөзүмдөн алып туңгуюкка саласың.
Сагынып сага жанаша жүрөмүн,
Чоочун адамым.
Саргайып сагынычтан калдым алсырап,
Жан дүйнөм эңсеп кусалыкка калтырат.
Батынып анан өзүңө жакындасам,
Эээй жүрөгүм жанчылат.
Капалык курчап мени каптады,
Өкүнүч жаныма батканы.
Махабат аны кайдан табамын,
Кусанын зарына барамын.
Өмүрдүн жаштыгын алдың кара жан,
Күйүттөн өрт болуп баратам.
Кайдыгер караган мамилеңден айланам.
Эми мени коё берчи садагам садагааам садагам.
Бөдөнүг эле гана ойго батамын,
Бөксүрүп анан жүрөгүмдү катамын.
Басыны болуу күйүтүмдүн жарасын,
Чоочун адамым.
Булугуп анан ыйга толуп баратам,
Буулган жүрөк сырын кайра жаратам.
Булбулуң эми сага кайрылып келеби,
Чоочун адамым.
Кайырма:
Капалык курчап мени каптады,
Өкүнүч жаныма батканы.
Махабат аны кайдан табамын,
Кусанын зарына барамын.
Өмүрдүн жаштыгын алдың кара жан,
Күйүттөн өрт болуп баратам.
Кайдыгер караган мамилеңден айланам.
Эми мени коё берчи садагам садагааам садагам.
Капалык курчап мени каптады,
Өкүнүч жаныма батканы.
Махабат аны кайдан табамын,
Кусанын зарына барамын.
Өмүрдүн жаштыгын алдың кара жан,
Күйүттөн өрт болуп баратам.
Кайдыгер караган мамилеңден айланам.
Эми мени коё берчи садагам садагааам садагам.
Ырдын обонуна чындыгында сөз жок, бирок ырдын текстин талдай келсек кемчилик өтө көп.
«Сагынып сага жанаша жүрөмүн»,
«Кайдыгер караган мамилеңден айланам» Бул саптарды кантип түшүнүүгө болот?
❤️❤️❤️❤️♥️
Ырдын обонуна чындыгында сөз жок, бирок ырдын текстин талдай келсек кемчилик өтө көп.
«Сагынып сага жанаша жүрөмүн»,
«Кайдыгер караган мамилеңден айланам» Бул саптарды кантип түшүнүүгө болот?
ката жок сонун жазылган
Бөдөнүг эмес бүдөмүк болсо керек деп ойлойм
Өтө сонун ыр саптар, өтө сонун обон, өтө сонун аткаруу!!! Аябай жакты!
Кересетонн
Соз жок соонун
Автор ким
Автор ким
Бул ыр мазмуну абдан жакшы бирок бул жерде башка бирөөдөн коркуп жүргөндөр гана угабы же башка адамдар деле угабы? Бул башка бирөөнүн окуясы болсо керек.
#Респект
Эң сонун чыгарма жаралыптыр