Датасы: 13.02.2025
Формат: mp3

Көрүп токтодум
Карегиңде күйгөн отторуң
Эзип козгодуң
Сүйдүм сени көзү мончогум

Мени байлады
Күлмүңдөгөн жүзүң жайдары
Сенсиң ардагым
Жалгызыңмын кыздай айдагы

Жаным менин көпкө күткөнүм
Жүрөгүмө бакыт жүктөдүң
Карап,карап эзилип алам
Сени сүйүп дале бүтпөдүм

Толо көкүрөк
Жанымдасың,көзүң мөлтүрөп
Сүйөм мен бүгүн
Кечегиден дагы көбүрөөк

Учам көкөлөп
Эркелетсең ичте көпөлөк
Жаным экөөлөп
Махабатты турсак тең бөлө

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *