Айылды бүгүн эскердик,
Ак шамдар жактан кеч келдик.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдик.
Кайырма:
Апакем кайда? Мен кайда?
Адырлуу тоолор, сен кайда?
Убакыт болуп табышмак
Уктабай түндө далайга.
Жоругу тентек балдарбыз,
Жоогазын терип алганбыз.
Жок дүйнө менен алышып,
Жомоктон жаралгандарбыз.
Кайырма:
Ал кезде биз да жаш элек,
Аскерден абам кат берет.
Көбүрөөк окуп апакем,
Көзүнө ысык жаш келет.
Кайырма:
Эрлан Андашев — Апакем тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 1661
Автору Ким? Созу, обону жазып коесузбарбы