Сыйкырлап бүт сезимди
Каректериң көлбү же кең деңизби
Эңсеген кыялымдагы
Махабатым сен мага эми келдиңби
Сыйкырдуу көз карашың
Жүрөгүмдүн таптыбы бир айласын
Арбалып баратам мен
Айтчы жаным жүрдүң эле деги кайда сен
Кайырма:
Өмүрдө издеп жүргөн менин теңим сен белең
Тартуулап ак сүйүүндү жаным мага берсең
Күткөнмүн мен да сени көпкө асылым эркем
Аздектеп ак сүйүүндү эми өзүңө берем
Бир өзүңө берем
Аярлуу гүл дүйнөмдүн
Багбаны сен болуп мен сүйгөнүм
Гүл ачып жан дүйнөмдө
Түбөлүк бактылуу өмүр сүрөйүн
Байырлап жүрөгүмдү
Жаным сен гүлдөтчү күндөрүмдү
Бир согуп жүрөгүбүз
Кош канаттай бактылуу жүрөлу биз
Эн соонун рахмат чыгарма учун
Эн сонун
Аябай Сонун музыка эрлан андашев сизди жакшы коробуз ишиниздерге ийгилик калайм
Аябай сонун болуптур Эрлан байке ийгилик буюрса хит болот го чиркин
Олло соонун
Аябай сонун ыр чыгыптыр ишинерге ийгилик.
Аябай сонун ыр чыгыптыр ишинерге ийгилик.
Эн сонун дует болуптур. Чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын балдарга.
Создатели сайтка, браво! Очень удобна для пользования
Сууппер
Мыкты чыгарма,чыгармачылык ийгилик каалайм!!!