Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Жамалың жаз гүлүндөй, нурун чачып,
Ачылган кызыл гүлдөй жытың аңкып.
Ырдаган, сүйлөп жаткан үнүңдөн, ай,
Жаткансыйт торгой сайрап (2 жолу),
булбул таңшып.
Ойдогу кусалыкты кетире албай,
Көргөндө сени тиктеймин көзүмдү албай.
Айсыңбы же көктөгү, кантип жетем?
Алтыным, кыйнадың го (2 жолу)
сен өчүң бардай.
Сени ойлоп өзүмчө эле убарамын,
Жакшы сөз угуп качан мен кубанамын?
Бул менин жүрөгүмдүн өтүнүчү,
Алтыным, кабыл алчы (2 жолу),
сен суранамын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *