Мурунураак жетсем го тилегиме,
Жүрбөйт белем жылынып илебиңе.
Сугун арткан кыздарга урундурбай,
Сени катып алмакмын мен жүрөгүмө.
Жолго чыксаң бирге сен сапарымда,
Бассам бирге жүрөсүң катарымда.
Айтчы деги сезбейсиң оюмдасың,
Жадакалса мен уктап жатаарымда.
Карааныңды көргөнүмдө толкунданам,
Деги кимдер гүлдөргө кол сунбаган.
Айтчы деги кайда элең көрбөдүм го,
Мен селки ай, кезимде солкулдаган?
Фарида Карбосова — Кайда элең? тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 7575
Эн сонун ырлар,мыкты ырдаган!
Катасы жок эң мыкты чыгармалар
Катасы жок эң мыкты чыгармалар
Катасы жок эң мыкты чыгармалар
Ырлар жакты