Жүрөкто дагы эле сүйүү бардай
Жалындайт сезимим жүрөк шамдай
Сиз сүйгөн койноктү кийип алып
Сиз берген шуруну тагынганда
Кайдадыр сезимим алып учуп
Кыялга мас болуп улам кызып
Көзүнду тиктеймин үмүт менен
Сүйөм деп айтса деп ичтен сызып
Кайырма:
Жоодурап көзүмо карабадын
Сезбедин жүрөктүн сааналарын
Арнаган сүйүүмду жаным мнеге баалабадын
Сооротуп колумду кармабадын
Ашыккан жүрөктү жараладын
Кош айтып кечирим суроого да жарабадын
Чакырдым кеп айтып сүйлөшүгө
Чамындым кубанып үмүтүмөн
Сезбедим а бирок сезбептирмин
Сүйгөнүм чок салдын күйүтүмө
Кыялда башка сөз уккум келген
Ал жерден бактылуу чыккым келген
А бирок аска зоом кулап кетти
Арман ай башканы сүйөм десен
Эң соонун ыр экен,мага жакты