Өмүргө келесиң баарына көнөсүң
Жыгылып ыйлайсың айла жок чыдайсың
От болуп жанасың алоолоп өчөсүң
Маңдайга жазганын бары бир көрөсүң
Жашоого жаралып эх байоо балалык
Чоңойсом экен деп улам бир таянып
Жаштыкка жетесиң жалын от сезесиң
Балалык айылынан алыстап кетесиң
Буйруп койгон тагдырыма неге анча кайрырам да
Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да
Жалбырттап күйөсүң жар бала сүйөсүң
Жаш бойдон калчудай жайдаңдап жүрөсүң
Жайылып кулачың дос тууган курасың
Тирилик деп жүрүп жешилет кубатың
Ай жылдар агылып байкатпай камынып
Жолуңан жолуугар буюрса карылык
Бул өмүр бир келген көз ирмем ирмелген
Аттиң ай жалганга ким кетип ким келген
Гулжигит Сатыбеков — Өмүргө келесиң тексти
Датасы: 02.01.2023 Көрүүлөр: 138472
кайрырам *кайгырам*
Буйруп койгон тагдырыма неге анча кайрырам да
Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да
Буйруп койгон тагдырыма неге анча **кайгырам** да
Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да
Оо ото кооз жазыптырсынар