Сиз бар үчүн биздин үйгө кут конуп
Көзүбүзгө мээрим менен нур толуп.
Ар бир кечте айтчу бизге жомогун,
Толуп турчу, жүрөгүмдө ыр болуп.
Кайырма:
Апаке туулган күнүң,
Куттуктап ырдайм бүгүн
Өмүр бер, ден-соолук бер
Ааламга жетсин үнүм.
Оо, Жараткан бир өзүңдөн суранарым
Нечен жолу түн уйкудан калганың
Кыздарың, уул-балдарың
Бүгүн сенин туурган күнүң апаке
Жүрөгүмдөн ушул ырым арнадым
Кайырма:
Болсун апа, дайым ачык асманың бизге арнадың,
Жашы өмүрүң жаш чагың.
Аман болчу арабызда апаке,
Ушул ырым белек кылып жазганым.
Кайырма:
Оо, Жараткан бир өзүңдөн суранарым
Гүланда — Апамдын туулган күнү тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 10369