Жылынган билет күн баркын,
Жыттаган билет гүл баркын.
Каректин курчун түгөтүп,
Каякка кеттин Гулбарчын.
Ээ Гулбарчын, Гулбарчын.
Каякка кеттиң, каякка кеттиң Гулбарчын.

Бир өткөн октун жигиндей,
Билинбей кеттиң, билинбей.
Элесиң келип, өзүң жок.
Эңсеткен тоонун гүлүндөй.

Шагысың гүлдөй көңүлдүн,
Шамысың бүрдөй өмүрдүн.
Эркине көнбөс болгон соң,
Эмне үчүн мага көрүндүң.

Сүйкүмдүн кармап желегин,
Суйуунун искеп илебин.
Жүрө бер мезгил өтсө да,
Жүрөктүн ээлеп тереңин.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *