Жылдызың күйүп жылмайдың жүрөк жаралап,
Жылыттың жанды от-жалын болуп аралап.
Жылгадан ылдый агылып мөлтүр булактай,
Жылуулук издейм өзүңдү көздөй, жан адам.
Жан алат, чиркин, жаралап дене-боюмду,
Жан алат, чиркин, жаралап асыл оюмду.
Жалгыздык деген жүрөгүм бүгүн кубанып,
Жаным, ай, күтөм күнүгө келчү жолуңду.
Үнүңдү уксам үлбүрөк сезим кубарып,
Үзүктөй болуп үмүтүм сенден уланып.
Жүгүргөн суудай кан-жаным сага тамырлайт,
Жүрөктү жүрөк сүйүүсү менен сугарып.
Гүлбү Ороскул кызы — Агылам сага тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 7197
Сөзүнүн авторун жазгыла! Текстин жазган автор Жыпара Арыкова