Багытын беттеп шамалга,
Баратса жалгыз жел кайык.
Баладай коштоп сүйүнгөн,
Бактылуу жанда эмне айып?
Утурлай тосуп алдынан,
Уччудай колун кең жайып.
Кынала калып теңине,
Кылгырган көздө эмне айып?
Жазгырып жандын дүйнөсүн,
Жыпарын чачса кең жайып.
Жаркытып турган демине,
Жароокер жанда эмне айып?
Эңсетип сүйүү элеси,
Эсиңде турса тор жайып.
Санаага батып, жол карап,
Сагынган жанда эмне айып?
Баладай коштоп сүйүнгөн,
Бактылуу жанда эмне айып?
Сагынган жанда эмне айып?
Гүлбү Ороскул кызы — Жел кайык тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 7864