Ачтым күндөлүк дептерин,
Өткөн күндү мен эстедим.
Ах, чиркин, тунук сезимдер,
Кайдасың жаштык кездерим?
Кайырма:
Барактап ыр дептерин,
Мен жаштыкты эстедим.
Барагы бул өмүрдүн,
Балалыгым эңседим.
Эстей жүр деп сен берген,
Эстелик ыр дептериң.
Эрмеги болду жүрөктүн,
Эстетип сенин элесиң.
Кайырма:
Көңүлүм кыйбайт көңүлүң,
Өтүптүр жаштык өмүрүм.
Көрсөм деп сени кайрадан,
Көксөгөн максат-үмүтүм.
Кайырма:
Гүлнара Кахарова — Балалык тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 12941