Таң кылайып чыгыштан аткан кезде,
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде.
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн,
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде.
Махабатым сизге арнагам…
Махабатым сизге,
Тагдырымды сизге арнагам.
Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай,
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде.
Тагдырымды сизге арнагам…
Тагдырымды сизге,
Махабатым сизге арнагам.
Жемиш бактар ширесин төккөн кезде,
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде.
Махабатым сизге арнагам…
Махабатым сизге,
Тагдырымды сизге арнагам.
Гүлнур Асанова — Бегимайдын ыры тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 2380
Адашкан жарым