Жалындаган сезимден
Теңелебиз күнгө
Керемет бул дүйнө
Келе бербейт күндө
Жан эргиткен көз ирмем
Болбойт беле узак
Кош айтышкан убак
Көз алдымда турат
Узасам да жаныңдан жаңыдан
Кайра эле кайра эле
Жолуңдан жаз кучактап келесиңби
Кайра эле кайра эле
Кыйналат жүрөк сүйүүдөн неге
Бийигинде сезимидин
Көлдөй толкуп келет
Сөзүң айткан элең
Бөлүнбөйбүз деген
Кыялымда сабалап
Кызык суроо жаралат
Жарык болуп жангандай
Жан дарбап алгандай
Сыйкырың бар кандай
Жашынам деп жалындан
Жаңылгам
Мен күткөн жаздай болуп кечиктиңби
Күтүрөсүң жол каратып неге
Кыйналап жүрөк сүйүп неге