Өмүр!
Өтпөш керек өкүнүчтө өмүр.
Өмүр!
Өчпөш керек үмүт нуру өмүр.
Кандай жаман каректен жаш аккан. Арман.
Энелерди аза күтүү баскан. Арман. Оой арман.
—-
Агат!
Аянычтуу көздөн жашым агат.
Азап!
Таштандыдай жан ташталса азап.
Айыкпаган жан-дүйнөмдө арман.
Өтүп бул күн бүтөт дүйнөң жалган. Жазган.
——-
Жашоо кандай сонун белек!
Жашап үйрөнөлү демек!
Жашоо ырахаттуу белек!
Аткарылса аруу тилек!
——
Жашоо кандай сонун белек!
Баалап баркын билсек демек!
Жашоо кандай сонун белек!
Жашап сүйүп аны билсек!
——-
Үмүт!
Үзүлбөгөн өчпөс жарык үмүт.
Үмүт!
Туңгуюктан алып чыгат үмүт!
Кандай жакшы көзүнөн нур чакчкан, жылмайсаң!
Кучагында кубаныч гүл ачкан
Гүлнур Сатылганова — Жашоо — белек тексти
Датасы: 12.08.2020 Көрүүлөр: 912