Датасы: 30.06.2024
Формат: mp3

Таарынчагым чырагым

Татынасың ынагым

Тамшандырып келбедиң

Таркабадың кумарым

Гүлдөйүм арбаган

Күлгөнүндөн айланам

Кара көзүн мөлтүрөп

Карагаттай жайнаган

Жайнаган жайнаган

Карагаттай жайнаган

Көңүл калса жабыркап

Көрүшөбү сагынсак

Сүйлөбөйсүң тултуйуп

Сүйкүмдүүсүң таарынчак

Күтөсүңбү келсе деп

Күндө барам эркелеп

Күлүп жайнап ар дайым

Күтүп алчы эркелеп

Эркелеп эркелеп

Күтүп алчы эркелеп

Секетим таарынба

Сен бол менин жанымда

Булбул болуп сайрайын

Махабаттын багында

Жылмайышып карашып

Жүрөлүчү жанашып

Ак сүйүүдөн эч качан

Калбайлычы адашып

Адашып адашып

Калбайлычы адашып

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *