Датасы: 29.09.2020
Формат: mp3

Ай жылдыздан бүткөн, ак сүйүүсүн төккөн махабат,
Арзыйт аны күтсөм, азабына түтсөм махабат.
Аптабына күйсөм, алоолонуп сүйсөм,
Жалганы жок жандап, жаныңда мен жүрсөм,
Башка жандан таппас, бакыт ушул ырахат.
Кайырма:
Ай жүзүмө күндө, айым нурун чачкандай,
Ай көрүнүп түндө ашык болуп жаткандай.
Ак сезимдер жайнап, жан дүйнөмө бүлүк салгандай.
Күн жүзүмө күндө күндүн нурун төккөндөй,
Нуру төгүлүп күндүн ак жүзүмдөн өпкөндөй,
Жаным менин күндө жан дүйнөмө жалын төккөндөй.
Ашык болгон көздөр, аруу таза сөздөр арналат,
Арманы жок күндөр, аппак сага түндөр арналат.
Аптабына күйсөм, алоолонуп сүйсөм,
Жалганы жок жандап, жаныңда мен жүрсөм,
Башка жандан таппас, бакыт ушул ырахат.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *