Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансыз да,
Сагындым, туулган жер, сени.
Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңа,
Карлыгач болуп кетсем бейм.
Уктасам кирип түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар!
Маалыматты өзгөртүү
Гүлжигит Калыков — Сагындым туулган жер сени тексти
Датасы: 20.08.2020 Көрүүлөр: 527