Датасы: 07.08.2020
Формат: mp3

Уланып салты бул кыргыздын,
Ак тою бүгүн уул-кыздын.
Узатып турмуш жолуна,
Салтыбыз экен бул биздин.

Кайырма:

Кармашып түбөлүк колуңар, ачылсын жолуңар,
Бир келген өмүрдө бир болсун оюңар.
Өнүгүп-өскүлө, ак сүйүү төккүлө,
Бир келген жашоодо бактылуу өткүлө.

Аттанып турмуштун жолуна,
Түштүңөр бакыт соңуна.
Бир болуп тилек-оюңар,
Бир чыкчу бийик тоо мына.

Кайырма:

Кармашып түбөлүк колуңар, ачылсын жолуңар,
Бир келген өмүрдө бир болсун оюңар.
Өнүгүп-өскүлө, ак сүйүү төккүлө,
Бир келген жашоодо бактылуу өткүлө.

Жүрөктө сүйүүнүн гүлү өскөн,
Жар болдуң аруу тилектен.
Башыңа бакыт кут конуп,
Салындың жоолук жибектен.

Кайырма:
Кармашып түбөлүк колуңар, ачылсын жолуңар,
Бир келген өмүрдө бир болсун оюңар.
Өнүгүп-өскүлө, ак сүйүү төккүлө,
Бир келген жашоодо бактылуу өткүлө

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *