Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Сен эсимдесиң, сактап келем,
Жүрөгүмдө эч унутпай.
Мен баягыдай сага жетип,
Кучагыма кыса албайм.
Бул жашоодо биз бирге болбойбуз,
Тагдырыбызга баш ийдик болгону.
Кайырма:
Сен дагы мени сагынганда,
Канатсыз учкуң келеби?
А мен өзүңдү сагынганда,
Жолуңду карай беремин.
Кусалык жүрөгүмө толуп,
Ансайын сүйүп өзүңдү.
Үнүңдү жылажындай тунук,
Эстеймин жылуу сөзүңдү.
Мен жалгыздыктын деңизинде,
Чөгүп жаткан кемедеймин.
Сен максатына жетпей калган,
Сызып учкан жебедейсиң.
Бул жашоодо биз бирге болбойбуз,
Тагдырыбызга баш ийдик болгону.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *