Датасы: 14.03.2026
Формат: mp3

Учкун учат чачырап,
Менин көзүмөн анын көзүнө.
Сезим өтөт билинбей,
Келип өзүмөн анын өзүнө.
Үйдөн бирөө күтөт го сизди,
Шашыласыз дайыма.
Асылым деп сүйөт го сизди,
Ашыгасыз дайыма.

Кайырма:
Ак жоолукчан, жоолукчан,
Корком жакын болуштан,
Эч болбосо, салам деп
Салам деп ай коюштан.

Экөөбүздө жолугуу,
Бир болобу же болбойбу?
Эх, сүйлөшүп купулум,
Бирде толобу же толбойбу?
Үйдөн бирөө күтөт го сизди,
Шашыласыз дайыма.
Асылым деп сүйөт го сизди,
Ашыгасыз дайыма

Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *