Сөзү, обону Элдики

Агын суу турса чалчыкта
Ак шумкар келип кончу эмес,
Айланып басып мен турсам,
Анчалык катуу болчу эмес.

Кек ирим турса чалчыкта
Көк шумкар келип кончу эмес.
Көңүлүң сыйлап мен турсам
Көп эле катуу болчу эмес!

Көзүң бир бышкан алчадай,
Көргөндө жүрөк чарчады ай.
Көңүлүң болсо айтсаңчы
Өйдө-төмөн калчабай.

Түн ичинде уйкум жок,
Күндүзүндө тынчым жок.
Карымын дейсиң жаш туруп,
Кандай жансың курчуң жок!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *