Унута албадым, сенин жүзүң ойдон кетпеди
Эстейм убагында өзүм сенден кечкеним
Көп убакыт өттү, бирок кайра эстедим
Экөөбүз бирге сейилдеген айлуу кечтерди
Айланып кетти экөөбүздөн бакыт
Айланып тепти, өзөрттү го тагдыр
Чогуу боло албадык, канча болбосок да жакын Жоготпосом билет белем сенин баркыңды?

Кайырма:
Унута албайм, эшигимди тиктейм
Кайра-кайра — сен келесиңби?
Унута албайм, сени күтүп карайм
Эшигимди — келесиңби?

Эми бакыт сенден тебелеп кетпесин
Мээримин төгүп, жанында болсун сүйүктүүң
Кырсыктар артынан чуркаса да жетпесин
Бактылуу болсоң, ошол эле мени сүйүнтөр
Сен эч бир кайгырба, мен болсо бакырайын
Көңүлүң мага бурба, мен болсо чакырайын
Күлүп жүргүн дайыма, ордуна кайгырайын
Айнек сымал жерге түшкөн чачырайын, чачылайын

Күтө берип тажадым го сени
Күттүрдүң го кайра-кайра мени
Ортобузда сүйүү калган кемип
Күтө берип тажадым го сени
Күттүрдүң го кайра-кайра мени
Ортобузда сезим калган кемип

Сен келесиңби?
Дүйнөм сенсиз караңгы Сен келесиңби?
Же жүрөгүң сараңбы?
Сен келесиңби?
Сендей жанды табамбы?
Же кусa болуп бул өмүрдө жалгыз каламбы?

Кайырма:
Унута албайм, эшигимди тиктейм
Кайра-кайра — сен келесиңби?
Унута албайм, сени күтүп карайм
Эшигимди — келесиңби?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *