Арзуунун аралында,
Ак сүйүүгө кабылдым.
Жылуу чачып жүрөктөн,
Жылдыз болуп тагылдың.
Ойлойм сени ар убак,
Армандардан аруулап.
Тургум келет жаныңда,
Тунук сүйүү тартуулап.
Кайырма:
Арман махабат ырларында,
Арман кыялдын кылдарында.
Арман жүрөктүн сырларында,
Жалган сүйүүнүн ыргагында,
Кыялдын кылдарында…
Өмүрүмдү арнадым,
Өзүң болуп жалжалым.
Түбөлүк бакытым деп,
Мен өзүңдү тандадым.
Жете албай мен кол сунам,
Элесиңе зар болуп.
Сени ойлоп отурам,
Сенсиз дүйнөм тар болуп.
Кайырма:
КЕҢЕШ тобу — Арман тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 18956