Бүтүмү жок чечимдери чечилбей
Кыял күйүп үмүттөрү үшүгөн
Жүрөк сыздап жүлүндөрүм зыркырап
Өзүм тоюп сүйүп калдым мен ичимден
Балким алдоо көкүрөктүн багыты
Көзгө каткан каректеги сагынчым
Арзуу тилеп араң жүргөн жан элем
Уулу тарткан келип жүрөт айыккым
Соорото албай өбөк — өбөк буркурап
Сөз соңу жок жаздын сенден ыркырап
Ай ааламдан кайык болуп келгендей
Дайынын таппай турам неге туңжурап




