Карындаш, астачы,
Тетири баспачы.
Жакшы эле жигитмин,
Көз кырың таштачы.
Көзүмдү ала албай,
Артыңдан барам жай.
Сезилдиң эң жакын,
Эң жакын адамдай.
Жароокер күлгөнүң,
Эстетет сүйгөнүм.
Сен анын сиңдиси,
Же болуп жүрбөгүн?
Көздөрү кара эле,
Сүйүүгө зар эле.
Эки жак ууртунда,
Уяча бар эле.
Кечиргин, карындаш,
Адам жок жаңылбас.
Бар эле сүйгөнүм,
Ал эми табылбас.
Сымбаты таптаза,
Окшошуп жатса да.
Сүйгөнүм бар эле,
Жүрөгү башкача.
Керим Турапов — Кечиргин карындаш тексти
Датасы: 20.08.2020 Көрүүлөр: 1083
Акыркы сабында ката бар экен, СҮЙГӨНҮМ БАР ЭЛЕ деген орун алмашып жазылып калыптыр