Керим Турапов — Насаат ыр тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Бирде жигит төө минет,
Бирде жигит жөө жүрөт.
Төө мингенде жигитти
Төбөсүнө көтөрүп,
Төгөрөктөп эл жүрөт.
Жөө жүргөндө жигитти
«Жөн жүрбүйт го мобул» деп,
Жөөлөй түртүп эл күлөт.
Аскар тоонун этеги
Барып-барып чат болот.
Бир атанын балдары,
Алты тууган болсо да,
Катташпаса жат болот.
Ага-иниңди жаман деп,
Тууган кайдан табылмак?
Аргымакты жаман деп,
Буудан кайдан табылмак?
Жалгыз өгүз кош эмес,
Жаакташкан дос эмес.
Жакшы-жаман күндөрү
Жардам берип жаныңда,
Жан күйбөсө дос эмес.
Тайгак жолдо, тар жолдо,
Тагдыр тайкы болгондо,
Тамашалап кеп айтып,
Табалаган дос эмес.
Ага-иниңдин кадырын,
Өзү барда билип жүр.
Карызы бар бабанын,
Ата-энеңдин кадырын,
Көзү барда билип жүр.
Кулун кезден өстүргөн,
Ээсин тепкен ат жаман.
Өзөк өрттөп, куйкалап,
Өздөн чыккан жат жаман.
Көптү көргөн аксакал
Кары болот, билип жүр.
Кары сөзүн капка сал,
Кары сөзү жаштарга
Дары болот, билип жүр.
Керкейгенге керкейгин,
Көктөн түшкөн пир эмес
Ийилгенге ийилгин,
Баалап берген кул эмес.
Алган жарың Айпери,
Айдын кызы болсо да,
Ажаандашып, кыйкырып,
Айтканыңа көнбөсө,
Сулуулугу не пайда?
Аркан-жипти үзгүлөп,
Азоолонгон кез кайда?
Аштан, тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?
Күлүктүгү не пайда?
Сулуулугу не пайда?

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp31068
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти527
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти243
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти172
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти138
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти137
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу103
Жан Сабыров — Жаным сен101
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.