Китептин душманы 2

Ким китепти кирдетсе,
Китеп баркын билбесе,
Жулуп алып барагын,
Орой салса бир нерсе
Ал ‒ китептин душманы.
Ким китепти сүйбөсө,
Кадырына күйбөсө,
Чылым ороп, шарт айрып,
Калжың-кулжуң сүйлөсө,
Ал ‒ китептин душманы.
Ким китепти кордосо,
Ырайымы болбосо,
Сүрөттөрүн уурдаса,
Уурдап көнгөн колдорчо,
Ал ‒ китептин душманы.
‒ Бардыгынан ким жаман?
‒ Китеп жырткан шум жаман.
Китепти сүйгөн балдардан,
Наалат алсын ал адам.
Ал ‒ китептин душманы.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Китептин душманы: 28 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *