Кырды бир кырдай жүгүргөн,
Кыргыйек сындуу буудан көк.
Кыз алган жарга жетсем деп,
Жалындап ичи күйгөн көп.

Жарды бир жардай жүгүргөн,
Жагалмай сындуу буудан көк.
Жаш алган жарга жетсем деп,
Жалындап ичи күйгөн көп.

Коргошун беле салмагың,
Козголду менде арманым.
Көп зарлантпай айтсаңчы же бассаңчы,
Көкүрөктүн дарманын же зардабын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *